Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында ырчылар
Съездбек Искеналиев менен
Замир Арыкбаевдин "Арноо" аттуу ырына тартылган клибинин бет ачары өттү. Клипте башкы каармандардын ролун ойногон ырчылар айымдарга гүл тартуулашып, каалоо-тилектерин айтышып, көп кабаттуу имараттын алдында ырдашканы чагылдырылган.
Искеналиевдин айтымында, бул клипти тартуу көптөн бери пландалып келген. "Арноо" аттуу ырыбыз быйыл март айында жазылган. Ал мыкты ыр болгондуктан, ага ылайык видеотасма тартууну туура көргөнбүз. Ошондуктан айлананын баары жашылданганын күтүп жатканбыз",- деди Искеналиев.
"Арноо" ырында "аялзатсыз биздин келечегибиз болбойт", "аялсыз жашоонун кызыгы жок" деген ой айтылат. Клипте биз атактуу, кадыр-барктуу, элге эмгегu сиңген аялзатына, ошондой эле карапайым айымдарга гүл тартуулайбыз. Ошону менен апаларга, эжелерге, карындаштарга болгон сый-урматыбызды көрсөтүүгө аракет кылдык",- деп кошумчалады ырчы.
Иш-чарага клипке тартылган айымдар да катышты. Видеотасма көрсөтүлгөн соң алар ырчыларга ыраазычылыктарын билдирип, куттуктоо сөздөрүн айтышып, ийгиликтерди каалашты.