Бишкекте 19-21-июнда Индиянын маданият күндөрү өтөт

Бишкекте 19-июндан 21-июнга чейин Индиянын маданият күндөрү өтөт. Саамалыкты Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги БУУнун "Өнүктүрүү" программасы менен биргеликте уюштурууда. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Индиянын маданият күндөрүнүн алкагында катышуучулар аталган өлкөнүн каада-салты менен тааныша алышат. Көргөзмө-жарманкеге косметикалык каражаттар, зер буюмдары, түркүн түстөгү сари коюлат. Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор хна менен боёо, сарини кийүү, индия бийи, йога жана ашкана сырлары боюнча
мастер-класска күбө болушат. Мындан сырткары сүрөт көргөзмөсү да өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aku
2015-06-19 10:34:56
Дворец спортто болобу?
0
Bilal2013
2015-06-19 11:09:42
Миссионерлердин дагы бир чоон миссиясы. Индиянын маданият куну деп коюп башка нерсени пропагандалайт.
+1
Tentek1
2015-06-19 11:13:12
Бишкек паркта болуп атат окшойт.
+1
ainur78007
2015-06-19 13:48:48
Кайсыл жерде болуп атат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан