Жогорку Кеңеште төрага Жээнбеков менен депутат Жолдошова кайым айтышты

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков менен депутат Жылдызкан Жолдошова кайым айтышты. Жыйын учурунда Жолдошова төрагага кайрылып, сөз сүйлөө үчүн микрофон берүүнү сурады. Жээнбеков процедуралык маселе болбосо сөз берилбесин эскертип, микрофон берди. Жолдошова: "Ушул микрофонду 5 жылдан бери жакшы эле өчүрүп келатасыңар. Же мага келгенде эле процедуралык маселе болуп калабы?"- деп өз оюн айтты. 
"Биз маданияттуулук көрсөтүп келгенибизди түшүнбөйт окшойсуз же коркот деп ойлойсузбу? Биз сизден коркпойбуз. Тийишпей сүйлөсөңүз, баарына тийишип сүйлөп, ушул күнгө жеттиңиз",- деди төрага. 
Андан кийин депутатка сүйлөө убактысы берилген жок. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан