Бүгүн, 19-июнда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Ажыбек Абдрахмановдун “Мезгил учат” аттуу көргөзмөсү ачылды. Жалпысынан автордун 2010-жылдан берки 70 көркөм сүрөт өнөрү көрөрмандардын сынына коюлган.
Ажыбек Абдрахмановдун айтымында, аны кооз, касиеттүү дүйнөнүн ичинде эң бир сонун чыгармаларды жараткан Л.Д.Винчи, К.Моне, М.Врубелдин таланты суктандырат.
"Мезгилди кармап, токтотууга мүмкүн эмес. Өзүң тарткан сүрөтүңө, ошого жумшаган аздыр-көптүр аракетиңе гана каниет кылат экесиң.
Менин чыгармачылыгыма түрткү берген сезимдерди гана иш жүзүнө ашырууга умтулуп, эң жөнөкөй гана каражаттарды пайдаланып, адам менен жаратылыштын айкалышкан жашоосун көрсөткүм келди”,- дейт сүрөтчү.
Айта кетсек, Ажыбек Абдрахмановдун көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде биринчи жолу өтүүдө. Көргөзмө 5-июлга чейин уланат.