Борбор калаадагы Ататүрк атындагы сейил багында эртең, 20-июнда көчө маданияты боюнча Эл аралык "Basicolors" фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, 7-жолу өтүп жаткан фестивалга Казакстан,
Германия жана Швейцариядан келген граффити сүрөтчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө ди-джейлер,
стрит-дэнсерлер, рэп ырчылары өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле каалоочулар үчүн мастер-класстар көрсөтүлөт.