Кыргызстанда спортчулардын музейин ачуу сунушталууда

“Учурда өлкөдө 48 музей бар. Буларга кошуп кыргыз спортчуларынын же жазуучуларынын музейин ачуу керек. Ал эми спортчулардын музейин ачууну Кожомкул балбандан башташыбыз керек”. Мындай сунушту вице-премьер-министр Камила Талиева 22-февралда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Маданият жана туризм министрлигинин коллегиялык кеңейтилген жыйынында айтты. Мындан сырткары Ысык-Көл облусунун аймагында музыкалык фестивалдарды көп уюштурса, өлкөнүн туризм боюнча ишмердүүлүгү алдыга жыла турганын айтты Талиева. Айта кетсек, бул жыйынга премьер-министрдин катчысы Султан Раев, ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев, Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов, аталган министрликтин аппараты жана маданият кызматкерлери катышты.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан