Жылнаама, 20-июнь: Мындан 48 жыл мурун аскер катарында кызмат өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн Мухаммед Али 5 жылга кесилип, 10 000 доллар айыпка жыгылган

* Мындан 226 жыл мурун, 1789-жылы айтылуу кыргыз элчиси Абдрахман Кучаков дүйнөдөн кайткан. Абдрахман Кучаков буга чейин элчилик менен Петербург шаарына барып, андан Омскиге кайтып келген. Айрым тарыхчылар анын дүйнөдөн мезгилсиз кайтышын элчилик кездеги катаал турмуш запкысынан болсо керек деп божомолдошкон. 
 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы болжол менен түнкү саат 12лер чамасында Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл округунун Сарыбай айылынын жашоочусу, 1976-жылы туулган Бакытбек Тагаев өзбек чек арачыларынын колунан набыт болгон. Аталган райондун Майдан айыл округунун Сары-Алтын айылынын аймагындагы Өзбекстан менен чектеш жерде өзбек чек арачылары ок чыгарып, ал октон өз автоунаасында отурган Бакытбек Тагаев жаракат алган. Жарадар болгон Бакытбек ошол жерден алыс эмес аралыкта жайгашкан Бак айылынын тургунунун үйүн көздөй качкан. Октун үнүнөн улам ойгонгон үй ээси короого чыкканда кансырап келген Бакытбек андан ооруканага алып баруусун суранган. Бирок ошол убакта анын артынан кууп келген өзбек чек арачылары үй ээсин курал такап коркутуп, анын көз алдында Бакытбекти сабап, андан соң аны атып салышкан. Алган жараатынан улам Бакытбек Тагаев ошол жерден жан берген. Өзбек чек арачылары "кыргыз жараны биздин аймакка өткөн" деген жалааны жабуу үчүн Бакытбек Тагаевдин Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунаасын өз өлкөсүнүн аймагына айдап кирип кетишкен. Маркумдун артында 5 баласы жетим, аялы жесир калган. 
* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы Вьетнамдагы Америка Кошмо Штаттарынын аскер катарында кызмат өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн Мухаммед Алиге Хьюстон соту тарабынан 5 жыл түрмөгө камоо туурасында чечим чыгарылып, 10 000 доллар көлөмүндөгү айыпка тартылган.
* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы австралиялык жана америкалык актриса, ырчы, продюсер Николь Кидман Гавайинин борбору болгон Гонолулу шаарында төрөлгөн. Голливуддун эң бай актрисаларынын бири болгон Николь Кидман 1982-жылы 15 жашында "Рождество в лесу" тасмасына тартылып, дебют жасаган. Актриса 2003-жылы "Оскар", BAFTA сыйлыктарына арзып, 1996, 2002, 2003-жылдары үч жолу "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон. Николь Кидман "Принцесса Монако", "Колдунья Возмездие", "Мулен Руж!" ж.б. тасмаларга тартылган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Астана шаарында жайгашкан “Нур Отан” партиясынын борбордук кабылдамасынын бөлмөсүнө кирип келген 50 жаштагы аял өзүнүн үстүнө бензин куюп, өзүн өрттөп, мындан улам денесинин 95 пайызга жакыны күйүп кеткен. Анын ушундай кадамга барышына уулунун соттун акыйкатсыз чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылышы себеп болгон. Аялды “Тез жардам” кызматы менен жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.
20-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан