Жогорку Кеңеш саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин жакын туугандарынын да кирешелерин декларациялоо демилгесин талкуулады

19-июнда Жогорку Кеңеште “Cаясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. 

Мамлекеттик кадр кызматынын берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелерин, каржылык милдеттенмелерин, мүлкүн декларациялоо жүрүмүн жөнгө салууну жакшыртууга багытталган. Декларацияда жарандардын кирешелери менен кошо алардын чыгашалары жөнүндө маалымат берүү талабы камтылууда.

Буга чейин Салык кызматынын өкүлү декларация толтурган жарандар өздөрүнүн жана жакын туугандарынын чет өлкөдөгү активдери менен мүлкү жөнүндө да маалымат берүүгө тийиш экенин айткан. Алардын салык төлөгөнү же төлөбөгөнү эл аралык антикоррупциялык келишимдердин негизинде суратып алынат. Декларациялардын толтурулушу мекемелер аралык комиссия тарабынан такталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан