
* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы композитор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Муратбек Бегалиев Жумгал районунун Миң-Куш кыштагында туулган. Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатын бүтүргөн. 1974-1977-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуп, өкмөт тарабынан Москвадагы Мамлекеттик консерваторияга которулган. Консерваторияны аяктап, ошол эле жерден аспирантураны 1984-жылы бүтүрүп, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окутуучу болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп иштеп келет.
Муратбек Бегалиев - "Кыргызстан Ленин комсомолу" сыйлыгынын лауреаты, "Түгөлбай ата" Эл аралык коомунун сыйлыгынын лауреаты, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Чыгармачылык эл аралык байланыш академиясынын академиги, профессор.

* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы телеалпаруучу, продюсер жана модельер
Ассоль Молдокматова Бишкекте белгилүү журналист, акын Абдыкалый Молдокматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Ассоль Молдокматова 12 жашынан тартып телеге чыгып, "Час пик", "Всем, всем добрый день!" телеберүүлөрүн алып барган. Ошол эле убакта журналисттер мектебин аяктап, радио, гезит, ТВда иштеген. Ал эми 16 жашынан тартып чоң масштабдагы шоу-программа, фестиваль, сынактарды алып бара баштаган. Көптөгөн ийгиликтерди багындырган Ассоль Молдокматова "КМШнын мыкты телеперсонасы" сыяктуу 40тан ашык эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.
* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым
Беназир Бхутто Пакистандын Карачи шаарында туулган. Атасы Зулфикар Али Бхутто 1971-1977-жылдары Пакистандын президенти, анан премьер-министри болгон. Бхутто Гарвард, андан кийин Оксфорд университеттеринде окуган.
1979-1984-жылдар аралыгында саясий куугунтукка туш болгон. 1984-жылы Англияга көчүп кетип, 1986-жылы кайра келип, атасы негиздеген "Пакистан" элдик партиясын жетектеген.

* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы франциялык футболчу, машыктыруучу, футбол ишмери
Мишель Франсуа Платини Франциянын Лотарингия регионунда туулган. Футболчу катары ал Франция курама командасы менен 1984-жылы Европанын чемпиондугун утуп алган. Белгилүү "France Football" басылмасынын версиясы боюнча "20-кылымдагы мыкты франциялык футболчу" болуп табылган.
Клубдук карьерасын ал 1972-жылы франциялык “Нанси” клубунда баштаган (183 оюнда 98 гол киргизген). Карьерасын 1988-жылы жыйынтыктап, машыктыруучулук менен алектенип баштаган. 2007-жылы 26-январда ал УЕФАнын (Европалык футбол ассоциацияларынын кеңеши) президенти болуп шайланган. 4 жыл убакыттан кийин, тагыраак айтканда, 2011-жылы 22-мартта 53 добуш менен (союздун бардык мүчөлөрү макул экенин билдиришкен) дагы бир мөөнөткө, 2015-жылы 24-мартта Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) Австриянын Вена шаарында өткөн конгрессинде кийинки 4 жылдык мөөнөткө кайрадан шайланган.

* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү, легендарлуу “Кино” рок-тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси
Виктор Цой Ленинград шаарында туулган. Кыска өмүрүндө атактуулуктун бардык тармактарынан өзүн сынап көрүүгө жетишкен рок ырчысы Виктор сүрөт тартып, чыгарма жаратып, ырдагандан тышкары киного тартылууга да үлгүргөн. Ал тартылган “Конец каникула”, “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аттуу фильмдер СССР доорунда анын курамындагы өлкөлөргө кеңири тараган. Айта кетчү нерсе, актёр катары эмес, жөн гана ырчы катары тартылууну каалаган Виктор Цой бардык кинолордо өзүнүн гана образын жараткан.
Виктор Цой 28 жаш курагында, 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат алтыларда жол кырсыгынан каза тапкан. Күнүгө таң заардан балык уулоону адатка айландырган ырчы бул жолу да ошол тарапка кетип бараткан. Москвич-2141 үлгүсүндөгү машинасын саатына 130 чакырым ылдамдык менен айдап бараткан жеринен Икарус автобусу менен кагышкан жана ошол жерден эле каза тапкан.