
* Мындан 74 жыл мурун, 1941-жылы акын
Турар Кожомбердиев Жайыл районунун Сары-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер болуу менен баштаган. Кийин "Кыргызстан" басмасында, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген. 1959-жылдан баштап ырлары мезгилдүү басма сөз беттерине басыла баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен басмадан чыккан. Кыргыз тилинде 20га жакын, орус жана башка тилдерде 5 жыйнагы жарык көргөн. Н.Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" деген повестин жана В.Незвалдын ырларын кыргыз тилине которгон. "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" ырлар жыйнактары үчүн республиканын "Ленин комсомолу" сыйлыгын алган. Көптөгөн ырларына обондор чыгарылган.

* Мындан 44 жыл мурун, 1971-жылы актёр, Ч.Айтматов атындагы Орус мамлекеттик академиялык драма театрынын актёру, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун "Режиссура жана актёрдук чеберчилик" кафедрасынын окутуучусу
Болот Тентимишов Чүй облусунун Кант шаарында туулган. Болот Тентимишов 1988-жылы Н.К.Черкасов атындагы Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырган. 1990-1992-жылдар аралыгында Советтик Армияда кызмат өтөгөн. Армиядан келип, Т.Абдумомунов атындагы КМАДТда эмгек жолун уланткан. Ал эми 1997-жылдан тарта "Туңгуч" жаштар театрында иштеп баштаган.
Болот Тентимишов кино жаатында да бир топ образдарды чагылдырган. Марат Сарулунун кыска метраждуу кинотасмасында жана Нурбек Эгендин "Аталар керээзи" толук метраждуу кинотасмасындагы Айдардын ролу анын дебюттук ролу болуп саналат. Андан сырткары Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" кинотасмасында, Адилет Акматовдун "Мурастар сыры" жана башка тасмаларда ар түрдүү образдарды жаратып келет.

* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы айтылуу “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасында мыкты роль жараткан советтик актриса
Наталья Варлей Румыниянын Констанца шаарында төрөлгөн. Ал 19 жашында Леонид Гайдайдын “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасына тартылып, тасманын бет ачар аземи 1967-жылдын 1-апрелинде болгон. Ошондон баштап Варлейдин атак-даңкы алыска кеткен.

* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы түштүк кореялык актёр
Ли Мин Хо Сеулда туулган. Ли Мин Хо тасмага 2005-жылдан баштап тартыла баштаган. Бирок “Мыкты жигиттер” сериалындагы Гу Жун Пё деген каармандын ролунан соң белгилүү болгон. Андан тышкары "Жеке тандоолор", "Шаардык мергенчи", "Ишеним", "Мураскорлор" сериалдары да анын катышуусу менен популярдуу болгон.