«Сизди улуттук майрамыңыз – Эстониянын эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Биздин өлкөлөр менен элибиздин бакубат келечегине багытталган Кыргызстан менен Эстониянын ортосундагы эки тараптуу парламенттер аралык мамилелердин мындан ары бекемделишине чоң ишеним артам. Сизге чың ден соолук, бакубат турмуш, ишиңизде ийгиликтерди, ал эми эстон элине жалаң жакшылыктарды каалайм».