Өкмөт башчы суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 20-июнда өлкөнүн суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Урматтуу суу чарба кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Кыргыз мамлекетинин суу чарба адистери республикада жүрүп жаткан айыл чарбасын реформалоо багытында ийгиликтүү иштерди жүргүзүүдө. Натыйжада жаңы айдоо аянттары өздөштүрүлүп, иштеп жаткан ички чарбалык маанидеги жана мамлекеттин карамагындагы суу чарба объектилери калыбына келтирилүүдө. Бул мамлекеттин азык-түлүккө болгон көз карандыcыздыгын камсыз кылууда башкы ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жаңы жерлерди өздөштүрүү жана сугат жерлерди суу менен камсыз кылуу, мелиорациялык абалын жакшыртуу багытында да алгылыктуу эмгектенип келесиздер.

Суу чарба объектилерин куруу жана реабилитациялоо максатында чет мамлекеттерден инвестициялар тартылып, жаңы техникалар алынууда. Кыргыз өкмөтү суу чарба тармагында эмгектенген мамлекеттик эмес кызматкерлердин айлык акыларынын төмөндүгүн эске алуу менен 2015-жылдын 6-апрелиндеги
№197-токтомунун негизинде эмгек акыларды жогорулатты. Бул да мамлекеттин суу чарба тармагында эмгектенген кызматкерлерге көргөзгөн камкордугу.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Элибизде дайыма тынчтык жана бакубатчылык болсун!" 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан