Президент "Газпром" ишканасынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 19-июнь күнү "Газпром" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын кыргыз өлкөсүндөгү ишмердигинин маселелери жана өлкөнүн энергетикалык секторуна алдыдагы инвестициялары талкууланды.

Алексей Миллер компаниянын инвестициялык программасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын газ секторун өнүктүрүү пландары, ошондой эле ишке ашыра турган социалдык программасы туурасында айтып берди. Компаниянын социалдык программасынын алкагында өлкөнүн ири шаарларында, облустук жана райондук борборлордо дене тарбиясы-саламаттык сактоо комплекстерин куруу пландаштырылып жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев “Газпромдун” кыргыз жериндеги ишмердиги өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүгө жакшы таасир тийгизет деген ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан