25-февралда Казакстандын Актөбө шаарында баштала турган теннис боюнча эл аралык мелдешке кыргызстандык спортчу Данияр Дулдаев катышат. Маалым болгондой, бул мелдешке 14 өлкөдөн 43 теннисчи чакырылган. Аталган спорттук иш-чара 3-мартта соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталат.