20-июнда премьер-министр Темир Сариев Чүй облусу боюнча иш сапарынын алкагында Сокулук районундагы бир нече дыйкан чарбаларынын, ишканалардын иши менен таанышып чыкты. Алгач премьер-министр Сокулук районуна караштуу Манас айылындагы “Оско” ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жер-жемиштен суусундук өндүргөн аталган ишкананын иши менен таанышууда Сариев кыргыз жеринде өкмөт бул сыяктуу чарбаларды колдоого алууга колдон келген күч-аракетти жумшап жатканын белгиледи. Ошондой эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан экспортко багытталган ишканаларды колдоо үчүн төмөнкү үстөктөгү насыялар берилерин маалымдады.
Темир Сариев Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу кошулган соң, бул сыяктуу ишканалардын продукциясына, өзгөчө сапаттуу эт, сүткө, жер-жемиштерге карата болгон суроо-талап күчөөрүн кошумчалады.
Андан соң өкмөт башчы Жаңы-Жер айыл аймагындагы Восточное айылына барып, жашылча эгилген талааларды кыдырды. Премьер-министр менен жолугушууда фермерлер өз көйгөйлөрү тууралуу айтышты. Алардын айтымында, акыркы үлгүдөгү айыл чарба техникаларын алуу кыйынга турууда.
Темир Сариев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана “Айыл банкка” акыркы үлгүдөгү айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча ишти күчөтүп, бул жаатта атайын долбоорлорду иштеп чыгууну тапшырды. Андан соң Сокулук районундагы Талтак айылындагы “Сулейман” сүт фермасынын иши менен таанышып чыкты.
Муну менен катар өкмөт башчы Айыл чарба жана мелиорация министрлиги өкмөттүн тийиштүү бөлүмү менен биргеликте үлүшкө берилип, пайдаланылбай жаткан жерлерди колдонуу боюнча атайын план иштеп чыгуу тапшырмасын берди.