Президент: "Кыргыз мамлекети 1-июлдан тартып ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот"

"Кыргыз мамлекети 1-июлдан тартып ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот". Мындай сөзүн президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушууда Путин Кыргыз Республикасы Орусиянын Орто Азиядагы маанилүү өнөктөшү экенин айтканына Атамбаев өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
"Сиздер менен болгон жолугушуу мен үчүн ар дайым маанилүү, анткени ар кандай олуттуу маселелерди талкуулайбыз, анан дагы жылуу кабыл алып жатасыздар. Ал эми
Орусиянын, Беларустун жана Казакстандын парламенттери кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү жөнүндөгү макулдашууну июнь айынын аягына чейин ратификациялайт деп үмүттөнөбүз. Армения жакында ратификациялады",- деди Атамбаев.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө макулдашууну Армениянын парламенти 16-июндагы отурумунда ратификациялады. Келишимге добуш берүүгө катышкан 131 депутаттын 91и "макул" деп добуш берсе, 4 депутат "каршы" деп добуш берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан