Максат Сабиров: "44 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизгенибиз жакшы натыйжа берди"

2012-жылы Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн 44 өлкөсүнүн жарандарына визасыз режим киргизиши өлкө үчүн мыкты жыйынтыктарды алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда маалымат жыйынында парламент депутаты Максат Сабиров билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылы өлкөгө 3 миллион 65 миң турист келген. "Жакшы жарнамалык иш-чараларды өткөрүү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу туризм тармагын өнүктүрүүгө ири салым кошту. 2014-жылы мамлекетибиз туризм боюнча эл аралык рейтингдерде, ошондой эле National Geographic рейтингинде жогорку орундарга чыкты",- деп маалымдады Сабиров.
Айта кетсек, 44 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режим 2020-жылга чейинки мөөнөткө киргизилген. Бул мамлекеттердин бирине барганда кыргыз жарандары 60 күн ичинде каттоосуз жүрө алышат. Аталган 44 мамлекеттин тизмеси төмөнкүдөй:
Австралия, Австрия, Бельгия, Босния жана Герцеговина, Ватикан, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Нидерланды, Греция, Дания, Исландия, Ирландия, Испания, Италия, Канада, Түштүк Корея, Кувейт, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Мальта, Монако, Жаңы Зеландия, Норвегия, Бириккен Араб Эмираттары, Польша, Португалия, Сауд Арабия, Сингапур, Словакия, Словения, АКШ, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швейцария, Швеция, Эстония, Катар, Бруней жана Бахрейн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан