Европалык биримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларды 2016-жылдын 31-январына чейин узартты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, санкцияларды улантууга Орусия тараптын Минск келишимдерин сактабагандыгы себеп болду. Мындай чечим талкуусуз кабыл алынганы айтылды.Эскерте кетсек, 2014-жылдын башында Евробиримдик, АКШ жана бир нече батыш өлкөлөрү Орусия Крымды өз курамына кошкондон кийин Орусияга каршы санкцияларды киргизе башташкан. Өткөн жылдын ичинде санкциялар бир канча жолу кеңейтилген. Ошондой эле быйылкы жылдын март айында АКШ менен Европа Орусияга каршы санкцияларды мындан ары да улантууга ниеттенгенин
жарыялаган.