Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 22-июнда Сузак районунун акими кызматына Абдимуктар Маматовду жана Чоң-Алай районунун акимдигине Жумадилде Жапаровду дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Премьер-министр жаңыдан дайындалган акимдерди кабыл алып, алардын алдында абдан чоң тапшырмалар бар экенин белгиледи.
“Сиздерге чоң ишеним менен катар жоопкерчилик жүктөлүп жатат. Учурда өкмөттүн иши тартипти жөнгө салууга жана талапты күчөтүүгө багытталган. Муну менен катар акимдер үлгүлүү жүрүш көрсөтүү менен бардык иштерге көзөмөлдү күчөтүшү зарыл. Бул үчүн ар бир мамлекеттик жетекчинин аткара турган иштери тууралуу иш планы болушу керек”,- деди Сариев.
Муну менен катар премьер-министр акимдерге социалдык объекттердин абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууну жана бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдаланууну тапшырды.