22-июндан 24-июнга чейин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Коргоо министрлигинин борбордук аппараттарындагы аскер кызматчыларынын арасында спорттун үч түрү боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу аталган штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, мелдешке мандаттык комиссиядан өткөн аскер кызматкерлери катышат. Бул жылы үч спорт түрү боюнча программага турникте тартынуу, айлануу, 100 метр аралыкка чуркоо, 3000 метр аралыкка чуркоо камтылган. Башкы штабдын Күжүрмөн даярдык башкармалыгынын дене тарбия даярдыгы бөлүмүнүн офицерлеринен калыстар тобу түзүлгөн. Алар мелдештин катышуучуларынын арасынан эң мыктыларын аныкташып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен кубок, дипломдорду тапшырышат.
Спорттук иш-чара КРнын Куралдуу күчтөрүнүн быйылкы жылга карата түзүлгөн даярдоо планына ылайык өткөрүлүп, аскер кызматчыларынын дене тарбия даярдыгынын деңгээлин көтөрүү, жакшыртуу, саламаттыкта сергек жашоого үндөө максаттарында уюштурулуп жатат.