24-февраль күнү Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөшүү боюнча бир айлык жарыяланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бир айдын ичинде медицина кызматкерлери жер-жерлерди кыдырып, кургак учук оорусунун алдын алуу жана жуктуруп алганда кандай чараларды колдонуу керектиги тууралуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мындан сырткары аталган ооруга каршы ар кандай сынактар уюштурулмакчы. Ал эми 22-март күнү Бишкектеги медицина факультеттеринин студенттери жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери арасында жөө жарыш өтөт.