
* Мындан 147 жыл мурун, 1868-жылы америкалык ойлоп табуучу
Кристофер Шоулз алгачкы жазуучу машинаны патенттеген. Машинанын көлөмү абдан чоң болгондуктан, жазып жаткан адам өз эмгегин көрө алчу эмес.

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы орусиялык белгилүү ырчы
Валерий Меладзе Грузиянын Батуми шаарында төрөлгөн. Паспорту боюнча аты – Валериан. Валерий бала кезинде ырчы болом деп такыр кыялданган эмес. Ата-энеси музыка сүйүүчүлөрдөн болгондуктан, Валерийди жана агасы Константинди музыкалык мектепке беришкен. Ал кичинесинен космонавт болууну самап, авиациялык ийримге барган. Ошол эле учурда спорттун сууда сүзүү жана грузин күрөшү түрлөрүн да мыкты өздөштүргөн. Учурунда күрөш боюнча өз шаарынын чемпиону да болгон. Ырчы Валерий Меладзе "Сэра", "Актриса", "Девушка из высшего общества" ж.б. ырлары менен атактуулукка жеткен.

* Мындан 43 жыл мурун,
1972-жылы теги алжирлик болгон атактуу француз футболчусу, 3 жолку Дүйнөнүн
мыкты оюнчусу (1998, 2000, 2003)
Зинедин Зидан Франциянын Марсель шаарында
туулган. Клубдук карьерасын “Канн”, “Бордо”, "Ювентус", "Реал
Мадрид" клубдарында өткөрүп, Европадагы бир катар ири мелдештерде жеңишке жетишкен.
Франциянын улуттук курамасында лидер катары 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун утуп
калган. 2006-жылы Германияда өткөн Дүйнө биринчилигинде финалда Италиянын
коргоочусу Марко Матераццини башы менен сүзүп, калыс тарабынан оюндан айдалган.
Бул беттеш анын профессионалдык карьерасындагы акыркы беттеши болуп, футболчу
чоң футбол менен коштошкон. Түрдүү басылмалар аны футбол тарыхындагы мыкты
футболчулардын алдынкы сабына жайгаштырып келишет.
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы румыниялык туристтер отурган автобус Черногориянын аймагында жогорку ылдамдыкта бара жатып жардан кулап кеткен. 18 киши өлүп, 29 адам жаракат алган.