25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +1…+6°C, түнкүсүн -1...-6°C
Талас облусунда күндүз -3…+2°C, түнкүсүн -3...-8°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +1…+6°C, түнкүсүн -1...+4°C
Баткен облусунда күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -3...+2°C
Ысык-Көл облусунда күндүз -2…+3°C, түнкүсүн -3...-8°C
Нарын облусунда күндүз -3…-8°C, түнкүсүн -9...-14°C
Бишкек шаарында күндүз +2...+4°C, түнкүсүн -3...-5°C.
Борбор шаарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.