Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-июнда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Кыргыз мамлекети көптөгөн сыноолордон, кыйынчылыктардан ийгиликтүү өтүп, өнүгүү жолуна түштү. Ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди чыңдап, ири экономикалык бирликтердин бирине кошулдук.
Мындай жагдай мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө милдет артат. Ар бир мамлекеттик кызматкер бардык дитин коюп, ниетин таза кармап, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз салымын кошчу мезгил келди. "Мамлекет мага эмне берет?" дебестен, "Мен мамлекетке эмне бере алам?" деп иштей турган учур келди. Мамлекетибизди четтен бирөө келип өнүктүрбөйт, өзүбүз гана бекемдеп, өзүбүз гана гүлдөтө алабыз.
Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз өлкөсүн бекемдөөгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, демократияны тереңдетүүгө, мыйзамдуулукту камсыз кылууга, элибиздин жашоосун жакшыртууга бардык күч-аракетин, билимин жана жөндөмүн жумшайт деп ишенем. Анткени улуттук стратегияны, өлкөдөгү ири долбоорлорду, программаларды ийгиликтүү ишке ашыруу, мамлекеттин, жалпы коомдун туруктуу өнүгүшү көбүнесе сиздерге байланыштуу.
Тарых бизге дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк берди. Мамлекетибизге келген ооматты колдон чыгарбай, элибиздин ишенимин актап, биргелешип жаңы, гүлдөгөн кыргыз мамлекетин курууга милдеттүүбүз!
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм".