Мектептен окуучуларга тамак берүүгө мамлекет жылына 475 миллион сом бөлүүдө

Кыргыз мамлекетинде мектептен окуучуларга тамак берүүгө жылына 475 миллион сом бөлүнүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 23-июнда "Кыргыз мамлекетинде мектептеги тамактануунун сапатын жакшыртуу программасы: алгачкы жыйынтык" аттуу маалымат жыйынында билдирди. Сариеванын айтымында, мектептердин көбүнүн ашканасында толук кандуу ысык тамак бышырып берүүгө шарт жок. Окуучуларга май токоч жана чай берилүүдө. 
"Министрлик мектепте тамактандыруунун үч үлгүсүн, тамак-аш тизиминин 23 вариантын жана мектеп азыктарынын технологиялык картасын киргизүүдөн башка таптакыр жаңы аракет жасап көрдүк (мектеп ашканаларын меш, муздаткыч жана башкалар менен жабдуу). Бул аракетти ийгиликтүү деп айтууга болот, анткени долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан гана эмес, ата-энелер тараптан да колдоого алынды",- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан