Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 23-июндагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси каралууда. Талкууда депутат Исмаил Исаков өзгөртүүгө каршы пикирин айтты.
"Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жылга чейин тыюу салынган. Жигит берген сөзүнө туруш керек, сөз бузса, уят болот. Эл акылдуу, баарын түшүнүп турат, Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдобойт. Тез арада бул демилгени токтотуңуз. Анын ордуна келе жаткан шайлоону жакшы өткөрөлү, айыл өкмөттөрүнө керектүү ыйгарым укуктарын берели. Ошондуктан бул маселени кароодон алып салыш керек",- деди Нарымбаевге кайрылып.
Мындай пикирге президенттик аппараттын башчысы Нарымбаев макул эмес. "Сиз болбогон айыпты койбоңуз. Президент бардык иш-аракеттер ар дайым Конституциянын алкагында болуш керек деп айтып келген. Ал эч качан 2020-жылга чейин Конституция өзгөрбөйт деп айткан эмес",- деди Нарымбаев.
Комитеттин төрайымы Наталья Никитенко эки тарапты ынтымыкка чакырып, бири-бирин сыйлоону суранды.