Бишкекте орусиялык белгилүү сүрөтчү Юрий Третьяковдун жеке көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 23-июнда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде орусиялык белгилүү сүрөтчү Юрий Третьяковдун “Салтанаттуу чыгуу” (“Торжественный выход”) аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Эл аралык көргөзмө Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында уюштурулду. Көргөзмө 27-июнга чейин уланат.

Айта кетсек, Юрий Третьяков СССР Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү. Анын эмгектери Германия, Бельгия, Орусия, Кытай, АКШ, Франция жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн музейлеринде көрсөтүлүп турат. 

Третьяковдун сүрөттөрү, искусство таануучулардын айтымында, адамды бир каратып өзүнө тартпайт, бирок ошол эле учурда чыгармачылыкты баалаган адамды “нокаутка” учуратат. Анын ачык жана одоно сюжеттери бир караган көрүүчүгө түшүнүксүз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан