
* Мындан 109 жыл мурун, 1906-жылы композитор жана ырчы, СССРдин Эл артисти
Абдылас Малдыбаев Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. Алматы казак-кыргыз агартуу институтунда, Кыргыз педтехникумунда окуган. Москва консерваториясында Кыргыз студиясынан билим алган. Фрунзедеги Музыкалык техникумда директор, музыкалык студияда артист, Кыргыз опера жана балет театрында артист, Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, М.Күрөңкеев атындагы Музыкалык-хореографиялык окуу жайынын директору болуп иштеген.
Ал чыгармачылык жолун обончу катары баштаган. Ал 300дөй чыгарма жараткан, анын 200дөйү ыр-обондор. Композиторлор В.А.Власов, В.Г.Фере, М.Абдраев менен бирдикте операларга музыка жазган. Операларда өзү да бир нече ролдорду аткарган.
Абдылас Малдыбаев Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси. СССР Жогорку Советине бир, Кыргыз ССР Жогорку Советине үч жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. Опера, балет театрына анын аты берилген.
Абдылас Малдыбаев 1978-жылы 72 жаш курагында каза болгон.

* Мындан 79 жыл мурун, 1936-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург
Эрнст Акрамов Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги №2-клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган. 1967-жылы кандидаттык, 1990-жылы докторлук диссертациясын жактаган. КММИде ассистент, доцент, Республикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1992-жылдан тартып Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон.
130дан ашык илимий эмгектин, 4 монографиянын жана 2 ойлоп табуунун автору. Жаратылыш жана коом туурасындагы Эл аралык академиянын академиги. Эрнст Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты, ошондой эле спорттук гимнастика боюнча СССР спортунун чебери болгон.

* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы аргентиналык футболчу
Лионель Месси Аргентинанын Росарио шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал футболго 5 жашында келген. 1999-жылы өзү жашаган шаардагы “Ньюэллзолд Бойз” командасына чакырылып, бир аз убакыттын ичинде командадагы эң мыкты оюнчу аталган. 2000-жылы 30-октябрда 13 жаштагы Лионель Месси “Барселона” жаштар командасына алынган. Ал негизги курам менен 2003-жылы “Порту” командасы менен болгон жолдоштук беттешүүдө ойногон, ал эми расмий оюндарда 2004-жылдан тартып ойной баштаган. Анын алгачкы расмий оюну 2004-жылы “Эспаньола” командасы менен болуп, өзүнүн биринчи тобун 17 жашында 2005-жылы май айында “Альбасете” менен болгон беттеште киргизген. Футболчу бүгүнкү күндө клубдар аралык мелдештерде көп жеңишке жетишкен аргентиналык футболчулардын катарына кирет.
* Мындан 80 жыл мурун, 1935-жылы Колумбиянын Медельин шаарынын аэропортунда Ford Trinotor 2 үлгүсүндөгү эки учак сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 17 киши (ичинде аргентиналык атактуу ырчы Карлос Гардель да бар) көз жумган.