Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети бүгүн, 23-июнда "Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн эрежелери жана бирдиктүү принциптери жөнүндөгү макулдашууга КРнын кошулуусу тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.
Макулдашууга ылайык, ЕАЭБдин алкагында дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун калыптандыруу максатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү эрежелери менен бирдиктүү принциптери аныкталат.
Ошондой эле КРнын тиешелүү макулдашууга кошулуусу эл аралык стандарттарга шайкеш келген дары-дармек каражаттарынын сапатын камсыз кылуу аркылуу калктын ден соолугун чыңдоого жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.
Тармактык комитеттин төрагасы Эркин Сакебаев ЕАЭБдин алкагында дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун калыптандырууга багытталган бул макулдашууну Беларусь, Казакстан жана Орусия колдогонун билдирди.
Депутат Ыргал Кадыралиева жергебизге келип жаткан дары-дармектердин баасы ошол ЕАЭБге кирген башка мамлекеттердеги дарылардын бааларынан канчалык айырмаланарын тактады. Эгер макулдашуу ратификацияланса, анда монополия күчөп, таасирдүү кишилердин гана дары-дармектери чек арадан өтүп, контрабандалык фармацевтикалык каражаттардын агымы күчөйт деп тынчсызданган депутат: "Ар бир мыйзамды карап жатканда кара жол тандабастын ээлери үчүн эмес, карапайым калк үчүн пайдасы тиерлик шартта талдап, кабыл алышыбыз керек",- деп билдирди.