2-4-июль аралыгында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда “Маданият жана экономика – аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн негизги багыттары” аттуу республикалык семинар-кеңешме өткөрүлөт. Бул семинар-кеңешмеге райондук жана шаардык бөлүм башчылар, облустук, райондук жана айылдык маданият мекемелеринин жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, семинар-кеңешмеде мамлекеттүүлүктүн экономикасына айылдык маданияттын өнүгүүсү жана салымы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышы, долбоорлор менен иштөө маселелери каралат. Ошондой эле маданиятты өнүктүрүүдө инвестиция тартуу маселелери жөнүндө сөз болот.