Өкмөт. Регулятивдик реформа административдик тоскоолдуктарга жана коррупцияга каршы багытталган

23-июнда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы астында өкмөткө караштуу Регулятивдик реформа боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.

Анда аталган кеңештин алгачкы жыйынында бекитилген 2015-жылга карата мамлекеттик органдардын иш планынын аткарылышы, ишкердүүлүктү жөнгө салуучу КРнын ченемдик-укуктук актыларынын жана аларды баалоо критерийлеринин акыркы тизмесин бекитүү, ошондой эле ыкчам жыйынтыкка жетүү үчүн келечектүү реформалар тизмесин кароо жана бекитүү маселелери каралды.

Жыйын жүрүшүндө Сариев Кыргыз Республикасы ченемдик базасын модернизациялоодо алдыга кетип, бирок айрым мыйзам актылары тийиштүү түрдө аткарылбай жатканын белгиледи.

“Регулятивдик реформага киришүү аркылуу биз өз алдыбызга так максатты – так, түшүнүктүү жана иштеп кетүүчү мыйзам тутумун түзүүнү коюудабыз. Башка ыкма жок. Биз өлкө экономикасын алда канча жакшыртуубуз керек. Бул милдеттерге жагымдуу инвестициялык абалды түзүү жана ишкерлер үчүн реалдуу шарттарды түзүү аркылуу жетишүүгө мүмкүн. Ал үчүн бизде тийиштүү мүмкүндүктөр: саясий эрк, мамлекеттин жана жеке сектордун бизнести кабыл алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүүгө умтулуусу жана эл аралык консультанттардын колдоосу бар”,- деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, регулятивдик реформа административдик тоскоолдуктарга жана коррупцияга каршы багытталган. “Ченемдик базаны талдоо аркылуу мыйзамдагы кемчиликтерди жоюу жана мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу ыкмаларын пайдалануу милдети алдыда турат. Ага жетүүдө ар бир бизнесмендин, чиновниктин жана жарандын жоопкерчиликтүү түрдө катышуусу зарыл”,- деп белгиледи өкмөт башчы.

Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө карата реформанын биринчи баскычы – ишкердүүлүктү жөнгө салуучу КРнын ченемдик-укуктук актыларынын инвентаризациясы жүргүзүлүп, акыркы тизмеси түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан