Конституция саясатчылардын "оюнчугу" болуп калды

Кыргыз Республикасында күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоо менен катар Конституцияны да өзгөртүүгө даярдык жүрүүдө. Жарандык коомдогу активисттерден, оппозициядагы саясатчылардан куралган топ бүгүн, 24-июнда Ак үйдүн алдына митингге чыкты. Анда “Конституциядан колуңду тарт!”, “Конституциянын күчү туруктуулукта!” деген өңдүү чакырыктар айтылып, плакаттарды көтөрүп Ак үйдү айланып чыгышты. 

Мамлекетибиз эгемендүүлүк алган соң, 1993-жылдын 5-майында Жогорку Кеңеш тарабынан Баш мыйзам кабыл алынып, Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда эле ага 4 жолу: 1994, 1996, 1998, 2003-жылы өзгөртүү киргизилген. 2003-жылы оңдолгон Конституция акаевдик режимге каршы нааразычылыкты күчөтүп, ал 2005-жылдагы Март революциясы менен аяктаган. Бул революциянын аркасы менен бийликке келген Курманбек Бакиевдин тушунда Баш мыйзам 3 жолу өзгөрдү. 2006-жылды баса белгилеп айтууга болот, ноябрь айында «парламенттик» Конституция, декабрда «президенттик» Конституция кабыл алынган. Бул оппозициянын нааразычылыгына алып келип, 2007-жылы Конституциялык Сот жогорудагы эки Баш мыйзамдын тең кабыл алынышын мыйзамсыз деп тапкан. Ушул эле жылы Баш мыйзамды каалаганындай өзгөртүү ишин андан ары улантып, Бакиев референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгып, дагы бир жолу Баш мыйзам өзгөргөн. Бул өзгөртүү саясий кризисти жаратып, ал 2010-жылдагы Апрель революциясы менен жыйынтыкталды. Апрель революциясынан кийин Баш мыйзам кайрадан өзгөртүүгө туш болуп, парламенттик-президенттик башкаруу жолуна түшкөнбүз. 2010-жылдын 27-июнунда өткөн ал референдумда 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөө жобосу кошо кабыл алынган эле.

Учурдагы Баш мыйзамдын негизги автору Өмүрбек Текебаев «Азыркы Конституция эффективдүү иштеп жатат, эң башкысы, анын негизинде бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү жана президент, парламент, өкмөттүн ишинин механизмдери бар. Баш мыйзам 2020-жылга чейин эле эмес, керек болсо 2050-жылга чейин иштеши керек. Ага кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө эч кандай муктаждык жок» деген пикирин көп жолу айтып келген. Эми башкы “ата мекенчи” дагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө белсенип турган топтун катарына ооп кетти. Эмне себептен?

Жогорку Кеңеш, андагы фракция лидерлери бул ишке өздөрүнүн кызыкчылыгы козголбосо, балким, макулдук беришмек эмес. Акыркы 5 жылдык практика Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерине мандатка ээ болгон депутаттарды көзөмөлдөөдө, башкарууда таасирдүү рычагдар керектигин көрсөттү. Баш мыйзамга киргизүүгө сунушталып жаткан өзгөрүүлөрдө партия лидерлери үчүн ушундай бийлик берилүүдө. Тактап айтсак, алар фракциядан чыгам деген депутаттарды мандатынан ажыратып коё алышат. Бул маселе парламентке өткөн партиялардын лидерлери үчүн баш оору болду. «Ар-намыстан» башталган фракция ичинде өз ара бөлүнүп-жарылуу илдети «Ата Журт», «Республика», «Ата Мекенге», анча-мынча КСДПга да жукту. Фракциялардын ыдыроосу депутаттык топтордун түзүлүшүнө чейин жеткирди.

Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн “бийлик бөлүшүү” маселесинен башка, калың калкты ынандыра турган да шылтоо керек. Ал да табылбай койгон жок. “Жаш балдарды зордуктаган педофилдер өлүм жазасына тартылсын” деген чакырык менен элден кол чогултуу башталды. Учурдагы Баш мыйзамдын талаптарына ылайык, кыргыз жеринде адам өлүм жазасына тартылбайт. Калктагы мына ушундай маселе да бийлиги барлардын саясий максаттарын ишке ашырууда жакшы шылтоо болуп бергени турат. Ал эми жаш балдарды зордуктагандар күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Мурун мындай көрүнүштөр болчу эмес беле? Чындап эле көбөйүп кеттиби же кылмыштын ушул түрү тууралуу тийиштүү органдар атайын тапшырманын негизинде кеңири маалымат бере башташтыбы? Эгерде көбөйүп баратса, анда педофилия менен күрөшүүдө аларды өлтүрүп кутулуу эле жолу барбы? Өмүр бою камоо, бычуу деген мыйзамдарга неге аракет кылынбайт? Мындай суроолор көп.

Тажрыйба көрсөткөндөй, Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн тарыхында жемиштүү жыйынтык бербей келет. Негизги мыйзамды улам бир жакка чоюп өзгөртө берүү коомчулукта мыйзамды сыйлабастыкка, "бийлигиң болсо, каалагандай өзгөртүп алууга болот" деген залалдуу түшүнүккө алып келет. Ошол мыйзамдар аткарылып жатабы-жокпу, мына ушул жагдай баарынан маанилүү. Күнөө Конституцияда эмес, анын сакталышын камсыз кыла албай жатканыбызда, аны ишке ашыра албай жатканыбызда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан