Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүн демилгеси менен иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Экономика министри Олег Панкратов патент менен иш алып барган ишкердиктин 9 түрүн жоюу, патенттин баасын көтөрүү колго алынып жатканын билдирди. Ал үчүн Кылмыш-жаза кодексине, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Жазык-процесстик кодекске, Салык кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.
Андан сырткары ишкерлердин кассалык аппараттарына эсеп-кысап иштерин жакшыртуу максатында жаңы программалар коюлмакчы. Анын ичинде заманбап 2 программа өкмөт тарабынан киргизилет. Алар салыктык төлөмдөрдүн эсеп-кысабын так чыгарып берет.
Ал эми “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбооруна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды чогултуу ыйгарым укугу берилүүдө. Анда өз милдетине жоопкерчиликсиз караган кызматкерлерге карата административдик айып чаралары каралган.
Жыйындын жүрүшүндө ишкерлерди кыспай, аларга жеңилдиктерди жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, текшерүүлөрдү азайтуу, мыйзам долбоорунун кыргызча вариантындагы аталыштарды такташтыруу тууралуу пикирлер айтылды.