"Манас" аэропортуна АКШнын кезектеги дипломатиялык жүгү келип түшкөнү айтылган. Бүгүн, 24-июнда
SUPER.KG порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы
Нурлан Сүйөркулов:
"Аталган жүк 23-июнда келген. Кыргыз Республикасынын аймагына келе турган диломатиялык жүктөр КРнын мыйзамдары сакталган учурда гана алынып келинет. АКШдан дипломатиялык жүктүн келгени - чет өлкөлөрдөн келген жүктөр сыяктуу кадимки көрүнүш",- деп билдирди.
Ал Американын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирүү жиберип, дипломатиялык жүктө элчиликтин жаңы имараты үчүн курулуш материалдары келерин маалымдаган.
"Вена конвенциясына мүчө мамлекет болгондуктан, биз дипломатиялык жүктөрдү текшере албайбыз",- деди Н.Сүйөркулов.
Эске салсак, 2015-жылдын март айында
АКШдан Кыргыз
Республикасына 152 тонналык дипломатиялык жүк алынып келинген. Анда
АКШнын Бишкектеги элчилигинин
жаңы
курулуп жаткан имаратына керектүү курулуш материалдары бар экени
айтылган эле. Кезектеги дипломатиялык жүк аэропортко кечээ, 23-июнда
келип түшкөн да, учак конгондон эки саат өткөндөн кийин жүктү алып чыгып кетишкен.