
* Мындан 78 жыл мурун, 1937-жылы легендарлуу актёр, КРнын Эл артисти
Болот Бейшеналиев Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында туулган. Ташкенттеги А.Островский атындагы Театралдык институтун бүтүргөн. Эмгек жолу "Кыргызфильм" студиясында башталган. Эң алгачкы ролду "Тайгак кечүү" фильминде аткарган. Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Өмүрүндө 103 кинофильмде роль жараткан.
Болот Бейшеналиев 2001-жылы 17-ноярбрь күнү 64 жаш курагында каза болгон. Бул күнү киноискусствосунун 60 жылдыгы белгиленип, столдо отурганда капысынан жүрөк оорусу кармап калган.

* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы ырчы
Эркин Мукашев Фрунзе шаарында туулган. Шаардагы №13-мектепти аяктаган. “Наристе”, “Семетей”, “Авангард” аттуу эстрадалык топтордун жаралуусуна өзүнүн чоң салымын кошкон. 1985-жылы негизделген “Элес” тобунда 4 жыл ырдаган. Эркин Мукашев Москвада өткөн 12-Бүткүл дүйнөлүк фестивалдын лауреаты жана бир катар сынактардын дипломанты. 2000-жылдардын башында Эркин Мукашевдин "Танец под дождём" аттуу ыры хит болгон.

* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы казак режиссёру, сценарист, продюсер
Тимур Бекмамбетов Казакстанда төрөлгөн. Таенесинин колунда өсүп-чоңойгон. 85 жаштагы таенеси ага “Сен улуу адам болосуң. Сен мыкты сүрөтчү болосуң” дегенден тажаган эмес.
Тимур Бекмамбетов Ташкенттеги Театралдык институттун сүрөт бөлүмүн бүтүргөн. Аскер кызматын Ашхабадда өтөгөн.
Режиссёрдун белгилүү тасмалары: "Күндүзгү күзөт” (2006), “Тагдыр тамашасы-2” (2007), Голливуд менен бирге “Өзгөчө кооптуу” (2008), “Кара чагылган” (2009), “Балатылар” (2010) ж.б.

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы дүйнөлүк шоу-бизнес, дүйнө эли поп-музыканын падышасы деп эсептеген
Майкл Жексон 50 жаш курагында Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон. Поп-жылдыз ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алган деп айтылган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Орусиянын Краснодарский чөлкөмүндөгү Крым районунун аймагынан 3 өзбек мигранты дайынсыз жоголгон. Изилдөөлөрдүн натыйжасында 3 мигранттын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн дене мүчөлөрү табылып, кылмышка күнөөлөнүп жергиликтүү 2 жаран кармалган.