Бүгүн, 25-июнда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз
Республикасынын Президенти Алмазбек
Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен 54 бүтүрүүчүгө алтын сертификаттарды тапшырат. Быйыл алтын сертификат алгандардын 24ү кыздар, 30у уландар.
Тестирлөөдөн эң көп упай топтогон 10 окуучу:
1. Вадим Курочкин - 236 упай, Бишкектеги №61-мектеп-лицейи;
2. Жакшылык Нурланов - 235 упай, Бишкектеги №61-мектеп-лицейи;
3. Акбар Аманов - 234 упай, Бишкектеги №13-мектеп-лицейи;
4. Азат Төлөгөнов - 231 упай, Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи;
5. Мариам Эгембердиева - 230 упай, Бишкектеги №61-мектеп-лицейи;
6. Нурдөөлөт Чоюбеков - 230 упай, Медициналык академиянын алдындагы лицей;
7. Азамат Деркембаев - 230 упай, А.Токомбаев атындагы №24-мектеп;
8. Асел Алишерова - 230 упай, Кара-Балта шаарындагы №6-мектеп-лицейи;
9. Ольга Шишенина - 230 упай, Бишкектеги №29-мектеп-лицейи;
10. Дарья Копытова - 230 упай, Бишкектеги №61-мектеп-лицейи.