Президент Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик тил жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган. Мыйзам "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын бир катар нормаларын жакшыртууга багытталган. Башкача айтканда, мыйзамга "мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары үчүн мамлекеттик тилди билүү талаптары белгилениши мүмкүн" деген толуктоо киргизилди. Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.