Ош шаарында жазында 2500 бак-дарак көчөтүн отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Ильяс Ражапов билдирди. Айтымында, ушул жылдын январь-февраль айларында шаар аймагына 1500 арча көчөтү отургузулган. "Март айында көрктөндүрүү иш-чараларында терек, суу тал, каштан дарагы жана башка дарак түрлөрүн отургузуу күтүлүүдө. Мындан сырткары жаздын келиши менен көчөлөрдө, коомдук жайларда жазгы жана күзгү гүлдөр себилет, үрөндөрүн сатып алуу үчүн мэриядан бир миллион сом бөлүнгөн”,- деп кошумчалады Ражапов.