Бүгүн, 25-июнда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен бүтүрүүчүлөргө алтын сертификаттарды тапшыруу аземи өтүүдө.
Бардык нерсе илим-билимден башталарын белгилеп: "Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары! Алтын сертификаттарды тапшыруу жыл сайын өткөрүлүп, жакшы салтка айланып бара жатат. Бул да силер үчүн көп аракетти талап кылды. Мына, эмгегиңер акталып, жогорку упай алып отурасыңар.
Жогорку упайлар менен каалаган жогорку окуу жайына тапшырсаңар болот.
Ушундай балдар менен жолукканда дем-күч алып, сүйүнөм. Кыргыз жеринин тагдыры силердин колуңарга өтөт. КРнын келечеги бар. Нефть менен газ жок болсо да, биздин негизги байлыгыбыз силерсиңер. Жеңишиңер менен куттуктайм!
Агрардык тармактагы адистерге суроо-талап көп. Өлкөдө келечекте кен иштетүү тармагы да өнүгүп, инфраструктурасы жакшырат. Көп нерсе биздин аң-сезимибизден башталат. Кыргызда "билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат" деген сөз бар. Билимди биринчи орунга койгон туура. Азыркы учурда билими жетишсиз айрым адамдар диний агымдарга кошулуп кеткенин көрүүгө болот.
Мамлекетибиз көптөгөн сыноолорду, кыйынчылыктарды жеңип, өнүгүү жолуна түштү. Биз өз жолубузду таптык, келечегибизди көрүп турабыз. Кесип тандоо жар тандоо сыяктуу маанилүү. Кесип тандоодо да, турмуш курарда да жаңылбаш керек. Үйгө баргың келбесе, жумушка да баргың келбей калышы мүмкүн",- деди мамлекет башчы.