Кыргызстандагы жеңил унаалардын 74 пайызы КМШ өлкөлөрүнө кирбеген мамлекеттерде чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет. Ал эми Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнөн чыгарылган унаалардын көрсөткүчү 26 пайызды түзөт. Аталган комитеттин маалыматына таянсак, өлкөдө акыркы 5 жылда жеңил унаалардын саны 1,3 эсеге өскөн.