24-февраль күнү, Бишкекте зордуктоо кылмышына шектүү 26 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кылмышка шектүү адам жабырланган кыздын арызынын негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.