Жылнаама, 26-июнь: Мындан 13 жыл мурун БОЧ рВФ 260602 аттуу ысымды алып жүргөн бала төрөлгөн

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борбору боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Мыйзамга ылайык, аталган транзиттик борбор 2014-жылдын 11-июлуна чейин өлкөдөн чыгарылууга тийиш болгон.
 
* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы СССР Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен өлкө аймагында 8 сааттык жумуш жана аптада 7 күндүк иш күнү киргизилген. Муну менен бирге ишке 21 мүнөт кечиккендерге укуктук жаза белгиленген.
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы орусиялык жеке жана коомдук-саясий ишмер, 2004-жылдагы Орусиянын эң бай адамы Михаил Ходорковский Москвада төрөлгөн. Ходорковский 1986-жылы Москвадагы Менделеев атындагы Технологиялык институтту, андан соң 1988-жылы Плеханов атындагы Эл чарба институтун бүткөн. 1987-жылы ал жаштардын илимий-техникалык борборун түзүп, компьютер сата баштаган жана кийин аталган борборду МЕНАТЕП деп атап, анын алдында банк да ачкан. 1995-жылы ЮКОС мунай компаниясынын акцияларынын 45 пайызы сатыкка коюлганда, аны МЕНАТЕПтин жардамы менен "Лагуна" аттуу фирма сатып алган жана кийин акциялар акырындап МЕНАТЕПке өткөн. 1996-жылы Ходорковский ЮКОСтун вице-президенти болуп, эки жылдан кийин компаниянын башчылыгына келген.
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы Москвада Вячеслав Воронин жана Марина Фролова деген түгөйлөр уулдуу болушуп, уулунун атын БОЧ рВФ 260602 деп атоону чечишкен. Ал “Биологический Объект Человек рода Ворониных-Фроловых, родившийся 26.06.2002 года” деп чечмеленген. Бирок атайын мекемелер андай ат менен баланы каттоого макулдук бербей коюшкан.
26-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ariet7
2015-06-25 21:11:09
жакшынакай эле ат коюшпайбы балага био объект дебей, жиндилер
+7
kyrgyz123456789
2015-06-26 00:11:10
Орус оюндагысын кылат)))
+2
Zhozho
2015-06-26 02:59:40
Ariet7 боорду эздин го)))
0
Sezim.A
2015-06-26 12:37:24
Тооба атын окуп буткучо шаштым,озу да чарчаса керек айтып буткучо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан