Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү толуктоолорду жана киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.
Ал архивдик мекемелердин ишин жакшыртууга, мекемелерде сакталган документтерди иштетүүнү, аларды мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүнү өркүндөтүүгө багытталган.