Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Альфа Телеком" жабык акционердик коомун жеке менчикке ("Мегаком") сатуу боюнча өкмөттүн демилгеси каралып жатат. Талкууда депутат Ыргал Кадыралиева бул демилгеге каршы чыкты. "Аталган ишкана жакшы киреше таап жатат. Бул маселе боюнча сурамжылоолор жүрүүдө. Жарандар, айрыкча жаштар бул компанияны сатууга каршы",- деди депутат.
Буга өкмөттүн өкүлү: "Абоненттер Viber жана WhatsApp тиркемелерин активдүү колдонгондугунан уюлдук операторлордун кирешелери төмөндөп жатат. Аталган тиркемелерди колдонуудан бир гана кыргыз өлкөсүнүн эмес, бардык мамлекеттердин операторлору экономикалык жактан жапа чегишүүдө. Эгер "Мегакомду" сатсак, кыргыз тарап утат",- деп жооп берди.