Президент менен өкмөт башчы өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты

Бүгүн, 25-февралда президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет. Жолугушууда жыл башында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Стратегияда белгиленген милдеттерди өз убагында ишке ашыруунун мааниси баса белгиленди. Ошондой эле өлкө жетекчиси менен өкмөт башчы жазгы талаа иштерине өз учурунда даярдык көрүү жана аны жакшы уюштуруу, селге каршы иштерди, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан