Жогорку Кеңеш 17 мамлекеттик ишкананы менчикке сатуу боюнча өкмөт программасынын долбоорун талкуулады

26-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын аткаруу боюнча отчёту угулуп, 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору каралды.

Мамлекеттик мүлк фондунун берген маалыматына караганда, ушу тапта 17 мамлекеттик мүлк үлүшүн, тагыраак айтсак, мамлекеттин акционердик коомдордогу 14 пакеттик үлүшүн, жоопкерчилиги чектелүү коомдордогу 3 пакеттик үлүшүн жеке менчикке сатуу пландалууда. 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган "Альфа Телеком" (соода маркасы – "MegaCom") компаниясы алардын эң ириси болуп саналат. Анын сатыла турган 100 пайыз үлүшүнүн баштапкы баасы болжол менен 300 миллион долларды түзөт, бирок ал сатуу жүрүшүндө дагы жогору өсүшү мүмкүн.

"Альфа Телеком" компаниясынын кирешеси өсүп, абалы кыйла жагымдуу болуп турганын айтты. Азыркы учурда атаандаш компаниялар арбып, кардарлардын басымдуу бөлүгү компьютерге өтүп жаткандыктан, айрым тобокелчиликтер да жок эмес. Андан сырткары экономикалык жана соттук тобокелчиликтер да бар. Бул ишкананын тагдырын азыртадан ойлонушубуз керек. Бара-бара азыркыдай абал жаман жагына өзгөрүп, анын акцияларынын куну түшүп кетиши мүмкүн. Мындай мисалдар биздин тажрыйбада бар.

Андан сырткары мамлекетке караштуу "Кыргыз почтасы" ишканасын 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган өз алдынча чарбалык субъектке айландыруу чаралары да көрүлө турганы белгилүү болду. Анткени таза мамлекеттик ишканага эл аралык донолордон кошумча каражат тартуу улам кыйындап, иш натыйжалуулугу төмөндөп барат. Эгер ал өз алдынча чарбалык субъект болсо, өлкө аймагында анын бөлүмдөрү көп болгондуктан, мамлекеттик жана коммерциялык банктар менен биргелешип иш алып барууга да мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.

Жыйын жүрүшүндө Мамлекеттик мүлк фондунун ишин жакшыртуу жаатында кайра курумдарды жүргүзүү чаралары колго алынып, мамлекетке тиешелүү мүлк толугу менен инвентаризациядан өткөлө турганы белгилүү болду. Азыр анын ченемдик укук негиздери түзүлүүдө.

Жыйынтыгында өкмөттүн 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын аткаруу боюнча отчёту менен 2015-2017-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал эми өкмөткө мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан