
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы кыргыз тарыхында биринчи жолу Бишкек шаарынын №1-төрөт үйүндө 6 кг 140 грамм салмактагы кыргыз уулу төрөлгөн. Боюнун узундугу 68 см (норма 50 см), башынын диаметри 39 см (норма 35-36 см) болгон. Ымыркайдын ата-энеси Жумгалдын
Махабат Абышова жана
Рустам Сакиев аттуу тургундары.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы кыргыз укук коргоо органдары тарабынан 2005-жылы эл аралык издөөгө жарыяланган экс-президент
Аскар Акаевдин күйөө баласы
Адил Тойгонбаев Казакстандын Алматы шаарында кармалып, тил каттын негизинде кайра коё берилген.
* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы Абу-Салим түрмөсүндө көтөрүлүш чыккан. Көтөрүлүшчүлөр бийликтен түрмөнүн абалын жакшыртууну талап кылышкан жана козголоң учурунда көзөмөл кызматчысын барымтага алышкан. Ошондон улам бийлик 1300 адамды атууга буюрган.

* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы “кулак окуясы” менен эсте калган
Холифилд-Тайсон беттеши Лас-Вегаста өткөн. Анда Тайсон Холифилддин эки кулагын тең тиштеген. Мушташтын 3-раундунда көптөгөн соккуларга кабылган Темир Майк ызасына чыдабай Холифилдди кучактай калып, кулагына асылат. Холифилд так секирип, дарыгерлерге чуркаганда Тайсон артынан түшүп, экинчи кулагын тиштегенге да жетишет. Ошентип, беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, жеңиш кулактары тиштелген мушкерге ыйгарылат. Жеңилгенине ачуусу келген Тайсон күчүн полиция кызматкерлеринен чыгарат. Күйөрмандар ортосунда мушташ башталып, беттеш күтүлгөндөн да чоң сенсация менен аяктайт. Беттештен кийин жеңиш үчүн кулагын курман кылган Холифилд хирургдарга кайрылууга аргасыз болгон. Кулагынын тиштелип үзүлгөн бир бөлүгүн ринг тазалоочу
Митчелл Либонати таап алган. Ал табылгасын “каны жок, кудум сосискага окшош” деп сүрөттөгөн. Ал эми экинчи кулагынын бир бөлүгү 18 миң долларга сатылган. АКШда аталган беттештен кийин “Холифилд-Тайсон-тиштегич” момпосуйлары чыгарылып, кеңири популярдуулукка жеткен.