Жылнаама, 29-июнь: Мындан 58 жыл мурун Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов туулган

* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Ашхабад облусундагы Бабарап кыштагында туулган. 1979-жылы Түркмөнстандын Мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Бердымухаммедов медицина илимдеринин доктору, кесиби боюнча тиш доктур. 1997-жылы Түркмөнстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. 2001-жылы Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2006-жылы ноябрда Минскте өткөн ШКУнун саммитине Түркмөнстандын атынан барган. Ошол эле жылы декабрда түркмөн президенти Сапармурат Ниязов дүйнөдөн кайтканда Бердымухаммедов президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. Ушул жылы 11-февралда президенттик шайлоодо 83 пайыз добуш менен жеңишке жетип, Түркмөнстандын экинчи президенти болуп калган. Президент болгондон кийин эң биринчи жарлыгы менен орто мектептерде он жылдык билим берүүнү калыбына келтирген.
 
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы Нью-Йорктогу аукциондордун биринде "Битлздин" ырчысы Жон Леннондун Роллс-Ройсу 2 миллион 229 миң долларга сатылып, "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң кымбат унаа катары кирген. Аны "Ripley International Inc." компаниясынын ээси Жим Паттисон сатып алып, өзүнүн "Believe It Or Not" аттуу музейине койгон. 
* Мындан 20 жыл мурун, 1995-жылы Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында "Sampoong" супермаркети кыйраган. "Sampoong" супермаркетинин курулушу менен Ли Жун аттуу ишкер башында турган "Sampoong Group" компаниясы алектенген. Анын алгачкы долбоору боюнча, супермаркеттин ордуна 4 кабаттан турган үй курулмак. Бирок Ли Жун курулуш убагында 4 кабат үйдү 5 кабаттан турган соода борбору кылып өзгөртүүнү чечкен. 1989-жылы соода борбору ишке берилип, 1990-жылы ал Сеулдагы эң алдынкы супермаркеттердин бири болгон. Ага күнүнө келген адамдардын саны 40 000ден ашкан. 
1995-жылы апрель айында 5-кабаттын шыбынан жараңка кетет. Аны көргөн Ли Жун соода борборун жабуунун ордуна ал соода бөлүмдөрүн жер төлөгө көчүрткөн. 29-июнда жараңка мурункудан да чоңойгон. Бул күнү соода борборунда адамдар көп болгондуктан, Ли Жун киреше азайышы мүмкүн деген ой менен эвакуация кылуудан баш тарткан. Бир нече сааттан кийин 5-кабаттын шыбы урап түшүп, соода борбору бир заматта жер менен жексен болгон. Анын кесепетинен 502 адам каза болгон. Куткаруу иштери бир нече жумага созулуп, акыркы жабыркаган адамды кырсыктан 17 күн өткөндөн кийин куткарышкан. 
* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы Стив Жобс, Стив Возняк негиздеген “Apple” компаниясы тарабынан чыгарылган алгачкы iPhone сатыкка чыккан. iPhone - “Apple” компаниясы иштеп чыккан смартфон түрүндөгү уюлдук телефон. Башка уюлдук телефондон айырмаланып, көп функциялары бар.
29-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан