Бишкекте “Ekarecods” студиясынын 7 жылдыгына арналган концерт өтүүдө

Бүгүн, 26-июнда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде “Ekarecods” студиясынын 7 жылдыгына арналган концерт өтүп жатат. Ага белгилүү кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Иса Өмүркулов, Бураш, Акбар Сүйүнбаев, Нурлан Насип, Ильяз Абдыразаков, Омар, “Style mix” триосу, Жийдеш Идирисова, Анжелика, Нурмат Садыров, Салтанат Аширова, Арсен, Бегиш, Баястан, Мирлан Баеков жана башкалар катышууда. Бул кечеге казак ырчылары Али Окапов жана Марсель чакырылган. Кечени Ассоль Молдокматова жана Алтын Камчиев алып барып жатышат. Студиянын жетекчиси Эрнест Үмөталиевдин айтымында, концертке ал үч күн бою уктабай даярданган.

Биздин студия 3 же 5 жылдыгын эмес, 7 жылдыгын бүгүн майрамдап отурат. Ушул убакыт ичинде биз 150 хит ырды жаратып, 20 чакты клип жана 3 тасма тартып үлгүрдүк. Бул да болсо жаман эмес, бирок алдыга койгон пландарыбыз мындан да жакшы. Учурда казак ырчылары менен жакшы кызматташып жатабыз. Концертке келип катышып кетүү сунушун айтсак, дароо эле макул болушту”,- деди Үмөталиев. 

Айта кетсек, концерт белгиленген убактысынан бир сааттай кеч башталды. 

"Ekarekords" студиясынын концертин онго жакын адам алып барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Koshaly
2015-06-27 00:06:16
бул концерти Супер твдан коро алабызбы
0
karona
2015-06-27 05:26:12
Ильяз корунбойтго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан