“Ekarecods” студиясынын 7 жылдыгына арналган концертте жаңы “Айлун” аттуу кыздар тобунун дебюту болду

26-июнда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде “Ekarecods” студиясынын 7 жылдыгына арналган концерт өттү. Кеченин башталышын Ассоль Молдокматова жана Алтын Камчиев алып барып, уландысын ырчылар Урмат Усенов, Жийдеш Идирисова жана башкалар экиден чыгып алып барып, эң катуу кол чапкан конокторго “Ekarecods” студиясынын футболкасын белекке берип жатышты. Ал эми концертке келген элдин маанайын "тамашоучулар" - "Ак-Өргө Cити" командасы көтөрүп, күлкүгө бөлөдү.

Концертке белгилүү кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Иса Өмүркулов, Гүлжигит Калыков, Бураш, Акбар Сүйүнбаев, Нурлан Насип, Ильяз Абдыразаков, Омар, “Style mix” триосу, Жийдеш Идирисова, Анжелика, Нурмат Садыров, Салтанат Аширова, Арсен, Бегиш, Баястан, Мирлан Баеков жана башкалар катышты. Бул кеченин башкы коноктору - казак ырчылары Али Окапов жана Марсель концерттин аягында чыгып, элге болгон өнөрлөрүн тартуулашты. Марсель кечеде кыргызча сүйлөп, кыргыз жергесин сагынгандыгын айтып жатты. Соңунда көрүүчүлөрдүн арасында отурган апасына бардык жакшылыктар үчүн ыраазычылыгын билдирип, гүл берди. Ал эми Али Окапов сахнада мыкты 

ырдап-бийлеп көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салып кетти. Ал акыркы жолу 2013-жылы кыргыз жергесине келип, туулган күнүн Ысык-Көлдө өткөргөнүн билдирди. Ал кыргыз эли абдан меймандос экенин белгилеп жатты.

Айта кетсек, концертте жаңы “Айлун” аттуу кыздар тобунун дебюту болуп, салюттар атылды. Мындан тышкары кечеге конок катары “Алтын түйүн” балдар борборунун тарбиялануучулары чакырылган. Аларга жагымдуу ыр-күлкүдөн тышкары “Ekarecods” студиясынын 7 жылдыгына арналган торт белекке берилди. 

Саат 20:25те башталган майрамдык концерт 00:00гө барып аяктады. 

"Ekarekords" студиясынын концертин онго жакын адам алып барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
akyshovbael
2015-06-27 02:15:00
Соооонун болуптур
0
barpynynkyzy
2015-06-27 04:55:21
Айлун- сонун ысым го)) Айпери Обозованын кызынын ысымы да ушундай болчу, "Датка" бийчилер тобун жетектейт эмеспи Айпери, "Айлун" да ошонуку эмеспи деген ой келди))
0
bakaiBBBB
2015-06-27 14:57:49
вааааай энен тим эле укмуш ко булар
0
deva
2015-06-27 19:03:50
Чолпонайы неге келбептир?
0
alirun
2015-06-29 09:49:16
deva,мага дагы кызык болуп жатат. Эрнист менен суйлошпой калган окшойт. Маанайы жоктой корунду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан